• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

«Кумтөрдүн» жоголгон эки кызматкерин издөөгө 94 куткаруучу тартылды. Жеринен тартылган сүрөттөр

Кырсык 0

Бишкек, 03.12.19. /Кабар/. «Кумтөр» кенинде жоголгон эки кызматкерди издөө уланып жатат. Жалпысынан издөө иштерине 94 куткаруучу тартылды, - деп кабарлайт КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, учурда жеринде 18 оор техника иштеп жатат. Альпинистер дагы издөө иштерине кошулган.

«Кескин түрдө жылган үйүлгөн жараксыз катмардын жалпы аянты - узуну 450 метр, туурасы 570 метр, бийиктиги 50 метр, жалпы көлөмү 12,825 миң куб метр. Дайынсыз болуп жаткан эки адамдын болжолдуу калган жерлери адистер тарабынан аныкталды», - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, кенде болгон кырдаалдын кесепеттерин жоюу жана жоголгон эки кызматкерди издөө боюнча атайын штаб түзүлдү.

Алдын ала маалыматтар боюнча, 2019-жылдын 1-декабрында эртең мененки 5:43тө Лысый жээк өрөөнүндөгү кендин үйүлгөн жараксыз катмары кескин түрдө жылган. Ошол учурда аймакта тоо кен өндүрүшү бөлүмүнүн операторлору иштеп жаткан. Тоо кен бөлүмүнүн мастерлери диспетчерлерге үйүлгөн катмардын жылганы тууралуу маалыматты бергенден кийин, токтоосуз тоо кен өндүрүшү бөлүмүнүн бардык кызматкерлерине коопсуз аймакка эвакуациялоо тууралуу сигнал берилген.

Өндүрүштөгү зарылчылыкка байланыштуу токтоосуз эвакуациялоо тууралуу сигнал түшкөндөн кийин коопсуз аймакка алып чыгуу максатында тоо кен бөлүмүнүн мастерлеринин бири О.Ишенбеков Форд пикап үлгүсүндөгү кызматтык унаа менен көтөрүлүп, бульдозердин машинисти Ж.Жунушовду алып чыгышы мүмкүн. Бирок тоо кен өндүрүшү бөлүмүнүн эвакуацияланган кызматкерлери чогулган жерде тоо кен бөлүмүнүн мастерлеринин бири О.Ишенбеков жана бульдозердин машинисти Ж.Жунушов жок болуп чыккан, алар рацияга да жооп берген эмес.

Жыйынтыгында кооптуу аймакка техника менен кызматкерлердин баруусу толугу менен токтулган. Учурда тоо кен бөлүмүнүн мастери О.Ишенбеков жана бульдозердин машинисти Ж.Жунушов дайынсыз деп эсептелүүдө.

Пикир

Оставить комментарий