• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

“Кумтөрдө” жумушчулардын иштөө графиги жана убакыт таблицалары программасы калыбына келтирилди — Бөлтүрүк

Экономика 0

Бишкек, 31.05.21. /Кабар/. “Кумтөр” кенинде жумушчулардын иштөө графиги жана убакыт таблицалары программасы толугу менен калыбына келтирилди. Бул тууралуу “Кумтөр Голд Инк.” компаниясынын тыштан башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк Facebook социалдык тармагындагы жеке баракчасына билдирди.

Анын айтымында, ал жумушчулардын айлык акысын чегерүүдө зарыл.

“Финансы жана IT бөлүмдөрүнүн аракети менен жумушчулардын иштөө графиги жана убакыт таблицалары программасы толугу менен калыбына келтирилди. Бул эмгек акы төлөө үчүн талап кылынат. Биз Centerra Gold тарабынан колго алынган КГКнын санариптик ресурстарына бөгөт коюу менен байланышкан терс кесепеттерди толугу менен жойдук. Кызматкерлердин алдындагы бардык милдеттенмелерибизди өз убагында жана толук түрдө аткарып атабыз”, - деп жазган ал.

Эскерте кетсек, 2021-жылы 17-майда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында депутаттар “Кумтөр” алтын кенин иштетүүчү компаниянын ишмердүүлүгүн изилдөө боюнча мамлекеттик комиссиянын отчетун карап, министрлер кабинетине кенди пайдалануу чөйрөсундө «Centerra Gold Inc.» компаниясынын жоопкерчиликсиз аракетине байланыштуу «Кумтор Голд Компани» компаниясына тыштан башкаруу киргизүүнү, андан тышкары убактылуу тыштан башкаруучу дайындоону сунуштаган.

Ошондой эле, "Кумтөр голд компани" компаниясы жумушчулардын иш графигин, карьердин капталдарын көзөмөлдөө жана сканерлөө тутумун өчүрүп салганы маалым болгон.

Жыйындын жүрүшүндө УКМК башчысы Камчыбек Ташиев “Кумтөргө” байланыштуу 4 кылмыш иши козголгонун билдирген.

Кийин министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов министрлер кабинетинин “Убактылуу тыштан башкаруу дайындоонун тартибин бекитүү тууралуу” токтомуна кол коюп, "Кумтөр Голд Компани" компаниясынын убактылуу тыштан башкаруучусу болуп Тенгиз Бөлтүрүк дайындалган.

Калдыктарды мөңгүлөрдө сактагандыгы үчүн “Кумтөр Голд Компани” компаниясына 261 миллиард сом төлөп берүүгө милдеттендирилген, бул 3,2 миллиард долларды түзөт. Дагы 1,2 миллиард доллар - төлөнө элек салыктар. Жалпысынан компанияга карата каржылык талаптардын көлөмү 4 миллиард 250 миллион АКШ долларын түзөт.

Пикир

Оставить комментарий