• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Жумагулов: "Кумтөрдүн" биротоло Кыргызстанга өтүшү - президент Жапаровдун ишке ашкан программаларынын бири

Коом 0

Бишкек, 29.07.22. /Кабар/. Бүгүн президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматы Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчилигинде “Кумтөр” алтын кенин Кыргызстандын менчигине өткөрүү процессин тастыктаган документтерди алмашуу процедурасы өткөнүн билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын элчилигинин аймагында тараптардын эл аралык юридикалык өкүлдөрүнүн жана эскроу-агенттин катышуусунда Кыргызстандын Улуу Британиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Улан Жусуповго юридикалык документтердин толук пакети, анын ичинде “Кумтөр Голд Компани” жана “Кумтөр Оперейтинг Компани” компанияларынын акцияларынын 100%ын «Кыргызалтын» ААКтын пайдасына менчик укугунун толук өтүшүн каттоо үчүн өткөрүп берүү актылары, ишеним каттары жана күбөлүктөр тапшырылды.

Саясат таануучу Бактыбек Жумагулов “Кабар” агенттигине “Кумтөр” алтын кенинин Кыргызстандын менчигине биротоло өтүшү - президент Садыр Жапаровдун элге берген убадасынын ишке ашкан программаларынын бири экендигин билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандын байлыгы кыргыз элинин пайдасына жумшалышы керек.

“Эми "Кумтөр" кенин элге өткөрүп берүүнүн акыркы процедуралары аяктагандан кийин анын ишин ачык жүргүзүп, коомчулукка дайым маалымат берип туруу зарыл», - деди ал.

Жумагулов белгилегендей, кенден түшкөн кирешеге социалдык программаларды тез арада ишке ашыруу керек.

"Кыргызстан дагы деле социалдык реформага муктаж. Бизге мектеп, бала бакча жана социалдык инфраструктуранын башка түрлөрү керек. Мындан тышкары, эмгек акы, пенсия, жөлөкпулдарды мындан ары да жогорулатуу зарыл. Кенди иштетүүдөн түшкөн киреше биринчи кезекте ушундай максаттарга жумшалышы керек", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий