• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

«Кумтөргө» коруктагы 16 миң гектар жер кайтарылып берилгенби? – Өкмөттүн жообу

Өкмөт 0

Бишкек, 03.09.19. /Кабар/. «Сары-Чат - Ээр-Таш» мамлекеттик коругуна кирген 16 миң гектар жер аянты «Кумтөр» долбооруна кен казууга кайтарылып берилгени тууралуу маалымат туура эмес. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынын жетекчиси Чыңгыз Эсенгулов өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыккан.

Анын маалыматына ылайык, өкмөткө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин жана Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин маалыматына ылайык кен ишканасына жер аянтынын кайтарылып берилгени тууралуу маалымат да чындыкка дал келбейт.

«Коруктун аймагында геологиялык чалгындоо иштери жүргүзүлгөн эмес жана жүргүзүлбөйт дагы. Сөз болуп жаткан 16 миң га жер «Сары-Чат - Ээр-Таш» коругуна кирбейт. 2013-жылдан бери коруктун чек арасы өзгөртүлгөн эмес. Буга байланыштуу баарыңыздарды ММКларда жана социалдык тармактарда тараган ар бир маалыматтын аныктыгына көңүл буруп, ошондон кийин гана тыянак чыгарууга чакырам. Ошону менен бирге кыргыз өкмөтү үчүн мамлекеттин кызыкчылыгы жогору турарын белгилеп кетким келет», - деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле Эсенгулов берилген жердин аянты тууралуу маалымат берген. 1994-жылы 10 миң гектар; - 1997-жылы 26 660 гектар; - 2005-жылы корректировка болуп 26 300 гектарды түзгөн; - 2009-жылы кайрадан толуктоолор киргизилип 26 400 гектар деп толукталган.

«Учурда ушул бойдон эле. Өкмөт Кумтөр боюнча буга чейин кол коюлган макулдашуу боюнча жаңы сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Баса белгилей кетүүчү нерсе, күчүнө кирген Стратегиялык макулдашууда жер маселеси тууралуу каралган эмес жана сөз да болгон жок (Юстиция министрлигинин сайтынан жана токтом базасынан келишим менен таанышсаңыздар болот. Анда финансылык келип түшүүлөрдүн мурдагы суммасы 87 млн. доллардан дагы 150 млн. долларга чейин көбөйтүлгөн. Демек, учурдагы өкмөт Кумтөр боюнча стратегиялык макулдашуунун шарттарын жакшыртууга жетишип, аны менен бирге өзүбүзгө бир дагы кошумча милдеттенме алган жок», - дейт Эсенгулов.

Пикир

Оставить комментарий