• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

"Кумтөр голд компани" кенде геологиялык чалгындоо жүргүзүүгө  уюм издейт

Коом 0

Бишкек, 09.06.21. /Кабар/. "Кумтөр голд компани" ЖАК Кумтөр кенинде геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө коммерциялык сунуштарды кабыл алуу тууралуу билдирүү жарыялады.

Компаниянын сайтында маалымдалгандай, "КГК" биринчи этапта документтер менен камсыздоо менен адискөй персоналы жана өзүнүн жеке же ижарага алынган жабдуулары бар кызыкдар болгон уюмдарды чакырат.

Белгиленгендей, тандоо эки этап менен жүргүзүлөт. “Биринчи этапта кабыл алынган документтер каралгандан кийин, тандалган талапкерлер атайын онлайн шилтеме боюнча онлайн талкууга чакырылат, ошол жерден кызыктырган суроолорду берсе болот. Талкуудан соң 10 күн аралыгында онлайн талкууда шилтеме менен бирге жөнөтүлгөн формат боюнча коммерциялык сунуштарды берүүсү зарыл болот”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий