• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Курал жана ок дарылары алынды. Ош облусунда "Арсенал" иш-чарасы өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 19.01.21. /Кабар/. Ош облусунун аймагында калк арасында мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды жана жарылуучу заттарды аныктап, аларды алуу максатында үстүбүздөгү жылдын 13нөн 17-январга чейин «Арсенал» ыкчам алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, атайын иш-чаранын жүрүшүндө 943 мергенчиликти сүйүүчүлөр, 44 газ-травматикалык куралы бар жарандар жана 3 белекке берилген курал ээлери, ошондой эле каттоодо жана пайдалануусунда сайлуу, сайсыз жана газ травматикалык ок атуучу куралдары бар 16 мекеме-ишканалар текшерилип, текшерүү боюнча актылар түзүлдү.

«Арсенал» иш-чарасы учурунда жалпы 1 миң 809 автоунаа, 2 миң 232 үй ээлери, 12 соода-сатык базарлары, 3 мейманкана жана 5 көңүл ачуучу жай текшерилди

Текшерүүнүн натыйжасында ИИОнун кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз сакталган 8 даана сайсыз ок атуучу курал жана 37 даана ок дары алынып, Ош облустук милициясынын Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, учурда сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүп жатат.

Ок атуучу куралды сактоо эрежелерин бузгандыгы үчүн 6 даана сайсыз курал маселе чечилгенге чейин ИИОго убактылуу алынды.

Текшерүүнүн жүрүшүндө 3 жаран өз ыктыяры менен үч даана сайсыз ок атуучу куралын милицияга өткөрүп берди.

Куралдарды сактоо жана кайра каттоо эрежелерин бузгандыгы үчүн 25 жаранга Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 84-85-86- беренелери боюнча протоколдор түзүлүп, аларга карата 27 миң сом айып салынды.

"Ош облусунун аймагында сактоосунда жана пайдалануусунда мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды жана жарылуучу заттарды Ички иштер органдарына өз ыктыяры менен тапшырса кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат", - деп эскертет облустук милиция.

Пикир

Оставить комментарий