• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Калориялуу тамактар. Жаш аскерлер үчүн азык-түлүк рационунун жаңы нормасы белгиленди

Коом 0

Бишкек, 18.02.21. /Кабар/. Куралдуу күчтөрүнүн мөөнөттүү аскер кызматчылары үчүн азык-түлүк рационунун жаңы нормасы белгиленди. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин маалыматтык камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 16-февралында КР өкмөтү тарабынан “КР Куралдуу күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мамлекеттик органдарынын аскер кызматчылары үчүн, ошондой эле Советтер Союзунун Баатыры Д.Асанов атындагы Кыргыз улуттук лицейинин окуучуларына тамак-аш рационунун ченемдери жөнүндө” токтом кабыл алынды.

Токтомдо КР КК аскер кызматчылары үчүн азык-түлүк рационунун жаңы бирдиктүү ченеми аныкталды. Эми жоокерлердин тамак-ашынын рационунда Ата Мекендик өндүрүүчүлөр тарабынан өндүрүлгөн калориялуу тамактар, мисалы, жарым-жартылай ышталган колбаса, жумуртка, сыр, коюлтулган сүт, табигый жемиш ширеси же жаңы жемиштер болот. Мындан тышкары, эт, балык, кесме жана өсүмдүк майынын суткалык ченеми бир кыйла жогорулайт.

Аталган норма КР Коргоо иштери боюнча Мамлекеттик комитетинин оорук башкармалыгынын адистери тарабынан иштелип чыгып, азык-түлүк ченазыктары медициналык адистерди тартуу менен ар тараптуу талдоодон, илимий-изилдөө иштеринен кийин кабыл алынган. Анда көптөгөн факторлор, анын ичинде аскердик кызматтын өзгөчөлүктөрү, жоокерлердин күжүрмөн даярдыгы, күн тартиби, климаттык шарттары, жана ошондой эле улуттук тамактануу өзгөчөлүктөрү дагы эске алынды.

Пикир

Оставить комментарий