• 80.18
  • 78.86
  • 1.37

Куралдуу күчтөрдүн мото аткычтар аскер бөлүгү 103 жылдыгын белгиледи

700 кароо Коом 0

Бишкек, 18.03.21. /Кабар/. Жыл сайын 18-мартта М.В.Фрунзе атындагы мото аткычтар бригадасы өздөрүнүн түзүлгөн күнүн белгилеп келишет. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин маалыматтык камсыздоо башкармалыгы билдирет.

КР Куралдуу күчтөрүндө көп жылдык тарыхы бар аскер бөлүгү бүгүнкү күндө республиканын Куралдуу күчтөрүнүн ыкчам реакция кылуу жамааттык күчүндө жана ЖККУнун ыкчам жайылтуудагы жамааттык күчтөрүнүн курамында өздөрүн татыктуу көрсөтүп, эл аралык машыгууларда ар дайым активдүү катышып келет.

Салтанаттуу иш-чара аталган аскер бөлүктүн 103 жылдыгына арналып, КР гимни менен башталды. Ошондой эле Ата Мекендин көз карандысыздыгын коргоодо курман болгон баатырлардын эстелигине гүл коюлду.

Иш-чаранын расмий бөлүгү жыйынтыкталгандан соң, 2-тоо аткычтар батальонунун өздүк курамы тарабынан даярдалган кол менен чабышуу жана курал менен аткарылуучу саптык ыкмаларды көрсөтүштү. Иш-чара 73809 аскер бөлүгүнүн өздүк курамы менен Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин студентеринин концерттик программасы менен жыйынтыкталды.

Учурдагы коронавирус илдетинин жайылуу коркунучунан улам санитардык нормалар толугу менен сакталып, коноктор жана ата-энелер чакырылган жок. Ошону менен катар аталган аскер бөлүктүн 103 жылдыгына арналган “Ачык эшик күнү” кырдаал турукташканга чейин жылдырылды.

Пикир

Оставить комментарий