• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Куралдуу күчтөрдө олуттуу өзгөрүүлөрдү ишке ашыруубуз зарыл — өлкө башчы

Президент 0

Бишкек, 05.05.21. /Кабар/. Куралдуу күчтөрдө олуттуу өзгөрүүлөрдү ишке ашыруубуз зарыл. Бул тууралуу "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында президент Садыр Жапаров элге кайрылуу жасап жатып билдирди.

“Муну армиянын реформасы деп атасак да болот. Анын эки негизги багытына токтолоюн. Куралдуу күчтөрдү тоолуу шарттарда аскердик операцияларды жүргүзө ала тургандай, технологиялык жактан толук жабдылган атайын бөлүктөрдүн принцибине ылайык уюштуруубуз керек.

Экинчи жагынан, биз “элдик кошуундарды” түзүүгө өтөбүз. Бул система чек ара аймактарында жашаган калктын жогорку мобилизациялык даярдыгын, аскердик коркунучтар жана кол салуулар маалында олуттуу күчтөрдү топтоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат”, – дейт Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий