• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Куралды этиятсыз колдонуу: Баткендеги окуядан жараат алган экинчи аскер каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 03.06.21. /Кабар/. Баткен облусунда куралды этиятсыз колдонуудан жараат алган экинчи аскер кызматчысы А.А.у., каза болду. Бул тууралуу КР УКМК Чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш түзүү бөлүмү билдирет.

Эске сала кетсек, окуя 2021-жылдын 1-июнунда Баткен облусунун Баткен районунун Паскы-Арык айылында орун алган. Анда куралды этиятсыз колдонуудан бир чек ара кызматкери каза болуп, экинчиси жаракат алгандыгы кабарланган болчу.

1-июнда катталган факт боюнча тиешелүү органдар териштирүү иштерин жүргүзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий