• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Кураш турниринин жеңүүчүлөрү көчмөндөр оюндары тууралуу

ДКО 2018 0

Бактуу-Долоноту, 07.09.18. /Кабар/. “Газпром” Ден соолукту чыңдоо борборунда Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын кураш боюнча мелдештери аяктады.

Кураш өзбек элинин улуттук күрөшү болуп эсептелет. “Кабар” агенттигинин кабарчысы аталган спорттун түрү боюнча мелдештин байге ээлери менен маектешти.

Кыргызстандык Эсенбек уулу Шатман экинчи орунду алган. Ал турнир жогорку деңгээлде өткөнүн айтты.

“Ирандын, Түркмөнстандын жана Өзбекстандын спортчулары менен күрөштүм, финалда күчүм бир аз жетпей калды. Атаандаштарым жакшы даярданып келишиптир. Финалда мен менен күрөшкөн катышуучу дүйнөнүн чемпиону. Түркияда өтө турган кийинки оюндарда алтын алам деген үмүттөмүн”, - деди ал.

Эсенбек уулу 14 жашынан бери дзюдо менен машыгып келет. Азия оюндарына катышып, байгелүү орундарга ээ болгон. Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына дагы катышып, казактардын улуттук күрөшү боюнча мелдеште 3-орунду алган.

Кураш боюнча алтын медалды Кыргызстанга биринчи ирет келген Өзбекстандын өкүлү Темирхон Тураев багындырды.

“Аябай жакшы уюштурулуптур. Бизди оюндарга Өзбекстандагы күрөш федерациясы чакырган. Бул жердин жаратылышы кооз, суусу жылуу экен. Сууга түшүүгө жетиштик”, - деди ал Самарканддан келгенин айтып.

Пикир

Оставить комментарий