• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Курбанбай Искандаров Тажикстан менен канча жер тактала электигин айтып берди

Коом 0

Бишкек, 19.03.19. /Салтанат Абдраева – Кабар/. КРнын өкмөтүнү делимитация маселелери боюнча атайын өкүлү Курбанбай Искандаров бүгүнкү күндө Тажикстан менен канча жер тактала электигин айтып берди.

Ал билдиргендей, кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 970,8 чакырымды түзөт. Анын ичинен 519,9 чакырым өкмөт аралык комиссиялардын деңгээлинде такталып, кол коюлган. Калганы тактала элек.

Ал эми кыргыз-тажик чек арасындагы абал тууралуу Искандаров, абал туруктуу, жол ачык. Эки тараптан тең элден эркин жолдон өтүүдө, деди.

“Азыр эксперттер интервью берип, жергиликтүү калк маалымат берип, андан тышкары толтура ушактар болууда. Бирок алардын баардыгы бир тараптуу маалымат. Ал эми тактап айтсак, эки өлкөнүн вице-премьер-министрлери сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, протоколго кол коюлган. Сүйлөшүүлөр төрт күн уланып, жыйынтыгында тараптар бир жыйынтыкка келишкен. Эки жак тең бири-бири менен тынч жашашы керек. Жолдун курулушу уланат”, - деди ал.

Ошондой эле Искандаров, он жыл мурун Мадумаров тарабынан кол коюлган протоколдун эч кандай юридикалык күчү жок, деп баса белгиледи. “Биз ал документти тааныбайбыз. Делимитация жана демаркация учурунда баардык талаш-тартыш тилкелер каралат”.

Пикир

Оставить комментарий