• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Курчап турган чөйрөдөгү коррупцияны жоюу – жоголуп бараткан жаныбарлардын тукумун сактап калууга өбөлгө

Коом 0

КР өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинде коррупциялык системаны жоюу аракетинин натыйжасын талкуулаган кеӊешме Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун жетекчилиги астында ѳттү.

Премьер-министрдин айтымында, коррупция өлкөнүн улуттук кызыкчылыгына коркунуч келтирет, анын көрүнүштөрү мамлекеттик башкаруунун дээрлик бардык чөйрөсүнө таасир этет. «Паракорчулуктун терс таасирлери жарандардын турмуш-тиричилигине таасирин тийгизет, мамлекеттик аппаратты алсыздандырууга алып келет жана бийлик органдарынын ишине шек келтирет», - деген Сооронбай Жээнбеков жарандардын курчап турган чөйрөнү коргоо мамлекеттик агенттигине карата ишеними төмөнкү деңгээлде болуп жатканын белгиледи. Өзгөчө мыйзамсыз аңчылык, браконьерлик фактылары азайган жок. Ошол эле убакта «Кызыл китепке» кирген жапайы жаныбарлардын саны азайып барат. Мунун башкы себеби аталган мекеменин коррупция менен күрөшүүдө жетишээрлик деңгээлде иш жүргүзбөй атканы болууда.

«Акыркы эки жылда курчап турган чөйрөнү коргоо тармагындагы органдарда 44 төн жогору жемкорлук фактысы аныкталган. Мамлекеттик бюджетке келтирилген зыяндын суммасы 150 млн сомдон жогору. Ал тургай, бул көрсөткүчтөр курчап турган чөйрөнү коргоо жаатында жасалган бардык жемкорлук кылмыш иштеринин толук масштабын көрсөтө албайт», - деп кошумчалады ѳкмѳт башчысы.

Ооба, мыйзамсыз аңчылыктын кесепети жапайы жаныбарлардын санынын азайышына башкы себеп болууда. Ал эми мыйзамсыз аңчылык, браконьерликтин дагы деле болуп атышына курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинде дагы деле коррупциялык иш-аракеттер тыйылбай жатканынан кабар берет.

Муну КР өкмөтүнүн аппаратынын Коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн сектор башчысы Белек Ахметовдун берген маалыматы да тастыктап турат. Анын айтымында, жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгында коррупцияга каршы чараларды уюштуруу жана аткаруучулук тартиптин төмөн болгондугу аныкталган. Коррупцияга каршы чараларды жүзөгө ашырууда белгиленген мөөнөттөр сакталган эмес жана бир катар кемчиликтерге да жол берилген. Маселен, айрым иш-чараларды жүргүзүү боюнча мурда бир нече жолу кайрылуулар болсо да, ага көңүл бурулбай алты бою кармалып турган. Айтор, аталган мекеменин жетекчилиги тарабынан жасала турган аракеттер катардагы кызматкерлердин деңгээлинен ашкан эмес.

Муну Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору Абдыкалык Рустамовдун кеңешмеде берген маалыматы да тастыктап турат. Анын өзүнүн айтымында деле коррупцияга каршы иш-чаралар тиешелүүү деңгээлде жүргүзүлбөгөн. Буга ал жогорку кесипкөй юристтердин жетишсиздиги себеп болуп жатканын айтты.

Албетте, жасалбай аткан иштерге ар кандай шылтоолорду айтса болот, бирок жетекчи катары өз мекемесиндеги көйгөйлөрдү чечүү милдетин так аткаруу керек. Буга байланыштуу премьер-министр Сооронбай Жээнбеков аталган мекеменин директору Абдыкалык Рустамов менен статс-катчысы Азамат Эркебаевге катуу эскертүү берди.

МАБ "Кабар"

Пикир

Оставить комментарий