• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кургак учук менен көбүнчө мыйзамсыз мигранттар оорушат – Улуттук фтизиатрия борборунун директору

Ден соолук 0

Бишкек, 10.08.18. /Кабар/. Кургак учук көбүнчө мыйзамсыз мигранттарда аныкталат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Улуттук фтизиатрия борборунун директору Абдуллаат Кадыров “Манас” аэропортунда мигранттардын арасындагы кургак учукту профилактика кылуу боюнча ачылган “Үйгө ден соолукта кайт!” көргөзмөсүнүн жүрүшүндө билдирди.

Анын айтымында, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына караганда, 2016-жылы дүйнө жүзүндө кургак учук менен ооруган 64 миллион мигрант аныкталган.

“Дүйнөдөгү ар бир 7-мигрант кургак учук менен ооруйт. Кыргызстанда 2017-жылы 6 миң 616 кургак учук менен ооруган адам болсо, анын 1 миң 257си мигранттар болгон”, - деди Кадыров.

Анын айтымында кургак учук менен көбүнчө мыйзамсыз мигранттар оорушат.

“Мыйзамдуу мигранттар медициналык кызматтардан пайдалана алышат. Ал эми мыйзамсыз мигранттар өлкөдөн чыгарып салат деп ооруканага кайрылгандан коркушат. Алар дене табы жогорулап, оорусу күчөп кеткенде гана дарыгерге кайрылышат”, - деди ал.

Ошондой эле Кадыров Кыргызстанда кургак учук менен ооруунун чокусу 2001-жылы байкалганын белгиледи.

“Ошол учурда 100 миң кишинин 167си кургак учук менен ооруган. 100 миң калктын 27синин өлүмүнө алып келген. 2017-жылы бул көрсөткүч 100 миң адамдын 90 учуруна токтогон. Акыркы 10 жылда Кыргызстанда туруктуу төмөндөө байкалууда”, - деди Фтизиатрия борборунун директору.

Пикир

Оставить комментарий