• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кургак учук менен ооруган адамдар эмдөөдөн өтсө болобу? Жооп

COVID - 19 0

Бишкек, 24.07.21. /Кабар/. Улуттук фтизиатрия борборунун башкы дарыгери Конушбек Сакмаматов брифинг учурунда кургак учук менен ооруган адамдар эмдөөдөн өтсө болобу деген суроого жооп берди.

Анын айтымында, өткөн жылга караганда кургак учукка чалдыккан жарандар көбөйүүдө. Андыктан, ал бардык жарандарды эмдөөдөн өтүүгө чакырды.

“Кургак учук менен ооруган адамдарды эмдөөдөн өткөрүү планга ылайык, бейтаптардын макулдугу менен жүргүзүлүп жатат. Бирок, бейтаптар активдүү фазадагы дарылоодон өткөндөн кийин вакцина алышат”, - дейт ал.

Кургак учук менен ооруган бейтаптарды эмдөөгө каршы негизги терс көрүнүштөр:

• 18 жашка чейинки жарандар;
• Аллергиялык патологиянын оор формалары менен жабыркаган бейтаптар (препараттын компоненттерине болгон гиперсезгичтик);
• Курч респиратордук оорулары бар бейтаптар, өнөкөт оорулардын күчөп турган мезгили;
• Залалдуу шишиктердин жаңы пайда болуусу жана кан оорулары.

Пикир

Оставить комментарий