• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кургак учукка кабылган жоокерлердин саны 26га жетти. Абалдары канааттандырарлык

Ден соолук 0

Бишкек, 31.03.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кургак учукка кабылган Абадан коргонуу күчтөрүндө кызмат өтөгөн 26 жоокердин абалы канааттандырарлык. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында №99718 аскер бөлүгүнүн штаб башчысы Руслан Абдулдабеков билдирди.

Анын айтымында, учурда 26 аскер кызматкери стационардык дарылануудан өтүүдө.

“Эпидемиологиялык иликтөө жүргүзүлүп, инфекциянын болжолдуу очогу аныкталды. Ошондой эле кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, жооптуу адамдар дисциплинардык жоопкерчиликке тартылган. Бардык материалдык Бишкек горнизонунун Аскер прокуратурасына жиберилген. Бүгүнкү күндө кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө”, - дейт ал.

Абдулдабеков кургак учукту алдын алуу максатында медициналык бөлүм күчөтүлгөн режимге өтүп, эпидемиологияга каршы иш-чаралар аткарылды.

“Ооруган жоокерлердин абалы канааттандырарлык. Тиешелүү дары-дармектер менен камсыздалган. Алардын ата-энелери менен тыгыз байланыштабыз”, - деди ал.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 21-январында Кыргызстандын Абадан коргонуу күчтөрүндө кургак учукка кабылган учур катталган. Кийин ооруган жоокерлердин саны 15ке жеткен.

Пикир

Оставить комментарий