• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Курман айт 11-августта белгиленет. Айт намаздын программасы

Коом 0

Бишкек, 08.08.19. /Кабар/. Кыргызстанда Курман айт 11-августта белгиленет. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын басма сөз кызматы иш-чаранын программасын сунуштады.

Курман айт намазы Бишкек шаарынын эски аянтында окулат. Айт намаз күнү дин аалымдарынын баяндамалары жана куттуктоолору айтылмакчы.

Айт намаздын программасы:

06:15 — 07:15 Аалымдардын шарият боюнча насыйкаттары:

Билал ажы Сайпиев “ Курбандык чалуунун жол жоболору ”

Аким ажы Эргешов “ Айттын адамдар ортосундагы карым катнашка кошкон салымы”

Жоробай ажы Шергазыев “ Исламда кулк мүнөздүн орду”

07:15 — 07:35 Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев “Диний баалуулуктар, Курман айт пазилети” жана куттуктоосу;
07:35 — 07:45 КР Президенттин Аппаратынын жетекчиси Досалы Эсеналиев президент С.Ш.Жээнбековдун куттуктоо сөзүн окууйт;

КР Жогорку кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабековдун куттуктоо сөзү;

Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматовдун куттуктоо сөзү.

07:45 Айт намазы

Пикир

Оставить комментарий