• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Курман айт 31-августта же 1-сентябрда белгиленет

Коом 0

Бишкек, 3-август /Кабар/. Кыргызстан мусулмандары быйыл Курман айтты болжол менен 31-августта же 1-сентябрда белгилешет. Бул тууралуу республиканын мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришти.

Бул Курман айттын болжолдуу күнү, тагыраагы бир нече күн калганда белгиленет.

Курман айт же Ид-аль-Адха – мусулмандардын башкы майрамдарынын бири. Курман айт ажылык сапарды жыйынтыктайт.

Эреже болуп калгандай, республикада Курман айт майрамы эс алуу күнү болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий