• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Курман айт майрамы 21-августта белгиленет - КМДБ

Коом 0

Бишкек, 12.08.18. /Кабар/. Курман айт майрамы 21-августта белгиленет. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты.

"Бүгүн, 12-августта Зул Хижжа айынын биринчи күнү болгондуктан Кыргызстандыктар Курман айт майрамын 21-августта белгилешет. Ал эми 20-август арапа күнү болуп, ажылык милдеттерин өтөп жүрүшкөн мекендештерибиз бул күнү ыйык Мекке шаарындагы Арафат өрөөндө болушмакчы", - деп айтылат билдирүүдө.

Мусулмандардын эң чоң майрамдарынын бири Курман айт Орозо бүткөндөн кийин 70 күндөн кийин болот. Ай календарына ылайык, жыл сайын 10 күн айырма менен белгиленет. Майрамдын аталышы араб тилинен которгондо “курмандык чалуу майрамы” дегенди билдирет. Бул майрамда мусулмандар кой, уй же төөнү союшуп, дасторкон даярдашып, бири-бирин коноктошот.

Пикир

Оставить комментарий