• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Курман айтка байланыштуу кыргызстандыктар 4 күн катары менен эс алышат

Өкмөт 0

Бишкек, 14.07.21. /Кабар/. 2021-жылдын 19-июлундагы жумушчу күнү 24-июлдагы эс алуу күнүнө которулат. Тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду, - деп билдирет министрлер кабинетинин басма сөз кызматы.

Мындай чечим мамлекеттик бюджеттен каржыланган, жумасына беш күндүк иш графиги менен иштеген мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрүн сарамжалдуу пайдалануу максатында кабыл алынды. Натыйжада, 2021-жылдын 19-июлундагы жумушчу күнү үстүбүздөгү жылдын 24-июлдагы эс алуу күнүнө которулат.

Белгилей кетсек, республикада 20-июлда Курман айт белгиленет. Жарандар үстүбүздөгү жылдын 17-июлунан тартып 20-июлуна чейин эс ала алышат.

Жумасында беш күндүк иш графиги менен иштеген жеке менчик юридикалык жактардын жетекчилерине 2021-жылдын 19-июлундагы иш күнүн 24-июлдагы эс алуу күнүнө жылдыруу сунушталат.

Пикир

Оставить комментарий