• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Курман айтта коомдук коопсуздукту 8 миңге жакын милиция кызматкери камсыздайт

Коом 0

Бишкек, 04.07.22. /Кабар/. Кыргызстанда 9-июлда Курман айт майрамы белгиленет.

ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, ал күнү коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо, укук бузууларды жана кылмыштуулукту алдын алуу максатында милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипти иш алып барышат.

Аталган майрамдык иш-чарада коомдук тартипти сактоого республика боюнча 8 миңге жакын кызматкер тартылат.

Ошондой эле 1 миң 300гө жакын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери тартылып, алар 1 миң 100гө жакын атайын посттордо иш алып барышат.

Пикир

Оставить комментарий