• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Курман айттын болжолдуу күнү белгилүү болду

Коом 0

Бишкек, 27.07.18. /Кабар/. Кыргызстанда Курман айт болжолдуу түрдө 21-августта белгиленет. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын басма сөз катчысы Максат Атабаев билдирди.

Анын айтымында, майрамдын так күнү 15-августтан кийин айдын жаңырганына карап белгилүү болот.

Мусулмандардын эң чоң майрамдарынын бири Курман айт Орозо бүткөндөн кийин 70 күндөн кийин болот. Ай календарына ылайык, жыл сайын 10 күн айырма менен белгиленет. Майрамдын аталышы араб тилинен которгондо “курмандык чалуу майрамы” дегенди билдирет. Бул майрамда мусулмандар кой, уй же төөнү союшуп, дасторкон даярдашып, бири-бирин коноктошот.

Пикир

Оставить комментарий