• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Курманбек Дыйканбаев президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду

Кадр саясаты 0

Бишкек, 27.11.20. /Кабар/. Курманбек Дыйканбаев президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Тиешелүү жарлыкка президентинин милдетин аткаруучу Талант Мамытов кол койгон.

Ошондой эле Мамытовдун башка жарлыгына ылайык, Анарбек Калматов президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган.

Эскерте кетсек, Курманбек Дыйканбаев 24-ноябрь күнү УКМК тарабынан кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланууга шектелип кармалган.

Пикир

Оставить комментарий