• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Курманкул Зулушев: Өлкөдө кылмыштуулуктун саны азайды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 20.04.21. /Кабар/. Кылмыштуулуктун жалпы абалы республика боюнча былтыркы жылга салыштырмалуу 24 миң 59ге азайды. Бул тууралуу башкы прокурор Курманкул Зулушев Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде билдирди.

Анын айтуусуна караганда, оор жана өзгөчө оор кылмыштардын бетин ачуу жана тергөө учурунда мыйзамдуулукту камсыз кылуу прокуратура органдарынын негизги милдети болуп саналат.

"Кылмыштуулуктун жалпы абалына токтолсом, республика боюнча былтыркы жылга салыштырмалуу кылмыштардын саны 24 миң 59ге азайган, 139 миң 490 (163 549) сотко чейинки өндүрүш иштер катталды, алардын ичинен 78 миң 254 (87 374) кылмыш жана 61 миң 236 (76 175) жоруктар", - деди Зулушев.

Ал өндүрүштө болгон кылмыштардын бетин ачуу өткөн жылга салыштырмалуу өсүп, 67,2% (2020-жылы 45,2%) түзгөн деди.

Пикир

Оставить комментарий