• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

«Курманжан Датка» тасмасы Казакстандын “Хабар” телеканалында көрсөтүлөт

Маданият 0

Бишкек, 25 марта /Кабар/. Бүгүн, 25-мартта режиссер Садык Шер-Нияздын “Курманжан Датка” атамекендик киноэпопеясы “Хабар” телеканалында көрсөтүлөт. Бул тууралуу “Айтыш Фильм” телеканалдын расмий сайтына таянып билдирген.

“Хабар” агенттигинин курамына кирген бул телеканал 1995-жылы негизделип, Казакстандын эң ири телеберүү компанияларынын бири болуп саналат.

Эскерте кетсек, “Курманжан Датка” тасмасы тарыхый инсан Курманжан Датканын өмүрү жана ишмердиги тууралуу баяндаган, Кыргызстандын алгачкы тарыхый кинотасмасы. Дүйнөлүк бет ачары 2014-жылы Канададагы Эл аралык Монреаль кинофестивалында өткөн. Тасма “Мыкты чет элдик тасма” номинациясында 2014-жылы “Оскар” америкалык кино сыйлыгына көрсөтүлгөн.

“Биздин тасмаларыбыз коңшу өлкөнүн улуттук телеканалдарында көрсөтүлүшү кубанычтуу. Мындай маданий алмашуу маданияттар аралык мамилелердин мындан аркы өнүгүшүн жана бекемделишин шарттайт”, - деп белгилешти “Айтыш Фильмден”.

Пикир

Оставить комментарий