• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

“Курманжан датка” тасмасы түрк тилине которулуп, Түркиянын телеканалдарында көрсөтүлөт

Маданият 0

Бишкек, 02.07.20. /Кабар/. “Курманжан датка” тасмасы түрк тилине которулуп, Түркиянын телеканалдарында көрсөтүлөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Кинематографияны өнүктүрүү фондунан билдиришти.

“Түрк тилине которуп үн коштоосу үчүн видеоматериалдар жана үн файлдарын өткөрүп берүү боюнча келишимге кол коюлду жана тасманы түрк телеканалдарында көрсөтүүгө уруксат алынды. Келишимге ылайык түшкөн киреше чыгымдар кармалып алынгандан кийин кыргыз тарап жана түрк дистрибьюторлору ортосунда бөлүштүрүлөт”, - деп билдирет Маданият министрлигинин алдындагы Кинематография департаменти.

Белгилей кетсек, “Курманжан датка” тасмасын режиссер Садык Шер-Нияз тарткан.

Пикир

Оставить комментарий