• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Курманжан датканын эстелигиндеги коркунуч жараткан плитка оңдолду – мэрия

Коом 0

Бишкек, 01.10.20. /Кабар/. "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери Бишкектеги Курманжан датканын эстелигиндеги коркунуч жараткан плитканы оңдоду. Бул тууралуу Бишкек мэринин кеңешчиси Гуля Алманбетова билдирди.

Буга чейин "Кабар" агенттигине окурмандар Курманжан датканын эстелигинин батыш тарабындагы плитка кулап, адамдар жабыркап калышы мүмкүн экендигин билдирген.

Алманбетованын айтымында, "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери эстеликтеги плиткаларды кайрадан чаптап чыкты.

Пикир

Оставить комментарий