• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Курсан Асанов үй камагына алынды

Коом 0

Бишкек, 28.08.19. /Кабар/. КРнын Ички иштер министринин мурунку орун басары Курсан Асанов 13-октябрга чейин үй камагында болот. Мындай чечим Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда кабыл алынды.

Эскерте кетсек, КРнын Башкы прокуратурасына ИИМдин ички иликтөө кызматынын корутундусу келип түшкөн. Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында КРнын ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору К. Асанов 2019-жылдын 7-8-августтарындагы өзүнүн аракеттери менен КР ички иштер министринин талаптарын жана көрсөтмөлөрүн аткарбастан, министр менен макулдашпастан укугу жок туруп, өз алдынча чечим чыгарып, ички иштер органдарынын өздүк курамын коркунучта жана башкаруусуз калтырган. Өзүнүн аракеттери менен мыйзамдардын талаптарын одоно түрдө бузганы, КР жазык-процесстик мыйзамдарынын талаптарын сактабастан иш боюнча мааниси бар далил буюмдарды жана башка документтерди тергөө органдарынан жашыруу аракети аныкталган.

7-август күнү кечинде мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоого багытталган атайын операциянын жүрүшүндө күч түзүмдөрү менен мурдагы президенттин тарапташтары ортосунда кагылышуу болгон. Анын жыйынтыгында 46 жаштагы атайын даярдыктагы бөлүктүн кызматкери каза болуп, 40тан ашык киши ар кандай жаракат алган.

8-август күнү күч түзүмдөрү Атамбаевдин анын Кой-Таштагы үйүнөн кармап, ал УКМКнын тергөө абагына 26-августка чейин киргизилген. 20-август күнү Биринчи май райондук соту Атамбаевдин баш коргоо чарасын тандап, аны камак артында 26-октябрга чейин калтырган.

Кой-Таш айылында болгон башаламандыктар, каза болгон аскер жана жаракаттарды алган күч кызматкерлер фактылары боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.

Пикир

Оставить комментарий