• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Курсан Асанов кызматтан алынды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 13.08.19. /Кабар/. Бүгүн премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин буйругу менен Курсан Асанов ички иштер министринин орун басары кызматынан алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтен белгилешкендей, ИИМдин ички иликтөө кызматы, 7-8-август күндөрү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди күчтөп алып келүү иш-чараларын жүргүзүү маалында коомдук тартипти сактоону камсыздоодо Курсан Асановдун ички иштер министринин орун басары катары милдеттерин аткаруусу боюнча кызматтык иликтөө жүргүзгөн.

"Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында кыргыз милициясынын кызыкчылыктарын саткандыгы жана ишеничтен кеткендиги үчүн Курсан Асановду КР ички иштер министринин орун басары кызматынан бошотуу тууралуу сунуш киргизилген", - деп билдиришти министрликтен.

Учурда кызматтык иликтөөнүн жыйынтыктары юридикалык баа берилиши үчүн Башкы прокуратурага берилген.

Белгилей кетсек, Курсан Асанов 2011-жылдан бери ички иштер министринин орун басары болуп келген.

Пикир

Оставить комментарий