• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Курсан Асанов митинг учурунда жараат алган күч түзүмүнүн кызматкерлеринен кабар алды

Коом 0

Бишкек, 08.10.20. /Кабар/. Бүгүн, 8-октябрда ички иштер министринин милдетин аткаруучу, Бишкек шаарынын коменданты Курсан Асанов митинг учурунда жараат алган күч түзүмдүн кызматкерлеринен кабар алды.

Асанов ИИМдин ооруканасына барып, жабыркагандар менен сүйлөшүп чыкты. Ошондой эле ИИМдин жетекчилиги керектүү жардам бере тургандыгын билдирди.

Дарыгерлердин айтымында, кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда ар кандай даражадагы жаракат алган укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин өмүрүнө жана ден соолугуна учурда коркунучтар жаралган жок.

“Жарадар болгон милиция кызматкерлеринин абалы учурда туруктуу, бардык тиешелүү жардамдарды алууда. Дары-дармектер жетиштүү. Зарыл болгон дарылоо курсун алган соң кызмат өтөөгө чыгышат”, - деп дарыгерлер билдиришти.

Курсан Асанов Бишкек шаарындагы №4 ооруканасында да болуп, ал жерде жабырланган милиция кызматкерлеринен кабар алды.

Учурда ИИМдин бейтапканасында 52, башка ооруканаларда 38, амбулатордук түрдө бир катар кызматкерлер дарыланууда.

Пикир

Оставить комментарий