• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Курсан Асановдун уулу издөөгө алынды – Башкы прокуратура

Коом 0

Бишкек, 29.08.19. /Кабар/. КРнын Аскер прокуратурасы тарабынан Ички иштер министринин мурунку орун басары Курсан Асановдун үстүбүздөгү жылдын 7-8-августунда болгон окуядагы мыйзамсыз аракеттери боюнча иликтөө уланууда. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Тергөө аныктагандай, 2019-жылдын 8-августунда К. Асановдун тапшырмасы менен анын айдоочусу Дамирбек Пайзылда уулу, К. Асановдун уулу Мухаммед-Али Асановго тышкы иштер министрлигинин имаратынын жанынан, А. Атамбаевдин Кой-Таш айылындагы үйүнөн алынып чыккан жана иш боюнча мааниси бар документтерди, далил заттарды жана башка буюмдарды берген. Кийинчерээк алар А.Атамбаевдин тарапташтарына берилмек", - деп айтылат маалыматта.

27-август күнү К. Асановго КРнын Кылмыш кодексинин 43-беренесинин 2-бөлүгү жана 320-берененин 2-бөлүгү боюнча кылмышка шектелип жаткандыгы тууралуу билдирүү берилген.

Ошол эле күнү аталган кылмышка катыштыгы болушу мүмкүн деген шек менен 1997-жылы туулган Мухаммед-Али Асановго карата камакка алуу боюнча сырттан чечим чыгарылып, ал издөөгө алынган.

23-август күнү К. Асановдун айдоочусу Дамирбек Пайзылда уулу, мурдагы президент А.Атамбаевдин тарапташтарына ишке мааниси бар документтерди жана башка буюмдарды мыйзамсыз берүүгө катышкан деп шектелип кармалып, камакка алынган.

Учурда тергөө уланып, бул ишке тиешеси бар адамдар аныкталууда.

Пикир

Оставить комментарий