• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Курсан Асановго карата сотко чейинки өндүрүш иши башталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 14.08.19. /Кабар/. Башкы прокуратурага Кыргыз Республикасынын ИИМнин ички иликтөө кызматынын К. Асановдун мыйзамсыз иш-аракеттери боюнча жүргүзүлгөн кызматтык иликтөөнүн жыйынтыктарынын корутундусу келип түшкөн. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

"Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору К. Асанов 2019-жылдын 7-8-августтарындагы өзүнүн аракеттери менен КР ички иштер министринин талаптарын жана көрсөтмөлөрүн аткарбастан, министр менен макулдашпастан укугу жок туруп, өз алдынча чечим чыгарып, ички иштер органдарынын өздүк курамын коркунучта жана башкаруусуз калтырган. Өзүнүн аракеттери менен мыйзамдардын талаптарын одоно түрдө бузганы, КР жазык-процесстик мыйзамдарынын талаптарын сактабастан иш боюнча мааниси бар далил буюмдарды жана башка документтерди тергөө органдарынан жашыруу аракети аныкталган", - деп билдиришти Башкы прокуратурадан.

Башкы прокуратурадан белгилешкендей, Ички иликтөө кызматынын корутундусу, чогултулган материалдары Башкы прокуратура тарабынан каралып чыгып, КР Жазык кодексинин 320-беренесинин 4-бөлүгүндө ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") каралган кылмыштардын белгилери менен Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталып, сотко чейинки өндүрүш ишин КРнын Аскер прокуратурасы жүргүзүүдө.

"Азыркы учурда тажрыйбалуу жана квалификациялуу тергөөчүлөрдөн тергөө тобу түзүлүп, тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий