• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Курсанттар катышкан жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголду

Укук тартиби 0

Бишкек, 29.08.22. /Кабар/. Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Аскер институтунун курсанттары аскердик ант бергенден кийин "Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинин аймагында жол кырсыгына кабылган.

Коргоо министрлигинин маалыматына ылайык, аталган жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголуп, кызматтык иликтөө иши жүрүүдө.

“Ведомство жабыркаган курсанттардын дарылануусуна, медициналык текшерүүгө жана операцияга тиешелүү жардам көрсөтүүдө. Аскер кызматкерлери аскердик дарыгердин көзөмөлүндө. Курсанттардын абалы канааттандырарлык”, - деп айтылат маалыматта.

Коргоо министри Бактыбек Бекболотов, министрдин орун басары жана Аскер институтунун жетекчиси жол кырсыгынан жабыркаган курсанттардан кабар алып, алардын ата-энелерине түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий