• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Куршабдын базарында өрт кырсыгынын алдын алуу боюнча тактикалык машыгуу өттү

Аймак 0

Бишкек, 06.12.18 /Кабар/. Өзгөн районуна караштуу Куршаб айылындагы базарында өрт кырсыгынын алдын алуу боюнча тактикалык машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Машыгуунун сценарийи боюнча базардын ичинде жайгашкан ашкансында өрт чыгып, ичинде бир жабырлануучу калып калган деген кабар түшкөн. Ошол замат, өрткө каршы-куткаруу бөлүктөн автоунаалар жетип келишет.

Өрткө каршы шаймандардын жардамы аркылуу ички өрткө каршы суу булактары менен өрттү өчүрүү жана соода борбордогу адамдарды эвакуациялоо боюнча аракеттерди көрүштү.

Куткаруучулар тарабынан өрттөн жабыркаган жаранды коопсуз жайга алып чыгылып, биринчи медициналык жардам көрсөтүшкөн. Куткаруучулардын ыкчам аракеттеринин жардамында өрттү өчүрүп калышты.

Андан тышкары, ӨКМдин кызматкерлер өрт коопсуздук эрежесинин сактоо жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдүү.

"2017-жылы ири өрт кырсыгы Өзгөн шаарынын базарында катталып 200 чарчы метр күйүп кеткен, ошондон келтирилген чыгым 70 млн түзгөн. Мындай машыгуулар биринчиден өздүк курамын үйрөттү жана соодагерлер арасында өрт коопсуздук эрежесинин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүү", - деди ӨКМ Өзгөн райондук бөлүмүнүн башчысы Нурланбек Кулмаматов.

Пикир

Оставить комментарий