• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Куршабдын жашоочулары жергиликтүү ооруканага тез жардам унаасын белек кылды

Аймак 0


Бишкек, 24.08.20. /Кабар/. 22-августта Ош облусунун Өзгөн районундагы Куршаб айыл аймагынын жашоочулары жергиликтүү ооруканага тез жардам унаасын белек кылды. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, "Куршаб өнүктүрүү фондунун" ыктыярчылар тобу жергиликтүү тургундардан жана чет жердеги демөөрчүлөрдөн 1 млн сом чогултуп, ага тез жардам унаасын сатып алып, жергиликтүү аймактык ооруканага беришкен. Жергиликтүү бийлик ыктыярчыларга көрсөтүлгөн жардам үчүн ыраазычылык билдирген.

Пикир

Оставить комментарий