• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Куру кыял мас кылат. ИИМ каржы пирамидасынын курмандыгы болуп калбоого үндөдү

Коом 0

Бишкек, 06.07.21. /Кабар/. Кыргызстандын Ички иштер министрлиги каржы пирамидасынын курмандыгы болуп калбоого үндөдү.

Министрликтин басма сөз кызматы каржы алдамчыларынын торуна түшүп калуунун алдын алууга багытталган атайын материал даярдаган.

"Каржы пирамидасы - каржы алдамчылыгынын кеңири жайылган түрлөрүнүн бири. Буга ишенүү кыйын, бирок каржы пирамидаларынын тарыхы кылымдарды карытып келе жатат. Тилекке каршы, дагы деле болсо каржы алдамчыларынын торуна түшүп калгандар Кыргызстандын бардык аймактарында чыгууда. Алдамчылар башкалардын акчасын тартып алуунун өздөрүнө ыңгайлуу, элге ишенимдүү боло турган жолдорун ойлоп табышат. Каржы алдамчылары бардык жерде жеке кызыкчылыгын жогору коёт. Алардын курмандыгына айланбоо үчүн өтө этият жана сак болуш керек.

Сиздин досуңуз кандайдыр бир жаңы каржылык долбоорго акча салганы жана сизди ага катышууга чакыргандыгы жөнүндө айтып берди: Сиз жөн гана алгачкы накталай салым кошуп, инвестициялоого даяр дагы бир нече адамдарды тартууңуз керек, анан тез эле сиз дагы көп жана тез киреше убада кылган долбоордун катышуучусу болосуз. Тез арада байыганга4 умтулуу, оңой акча таба калуу жана анын үстүнө досторуңуздун "ийгиликтеринин" мисалдары сизди ойлонбогон аракеттерге түртөт, натыйжада сиз каржы пирамидасынын алдамчыларынын көптөгөн курмандыктарынын катарына кандайча кошулуп калганыңзды билбей каласыз.

Каржы пирамидаларынын курмандыгы болуп калбоо үчүн жалган схеманы, анын ичинде каржылык пирамиданы кантип тааныш керектиги жөнүндө билимиңизди кеңейтиңиз. Бул үчүн каржы пирамидасына мүнөздүү келген өзгөчөлүктөрүн билүү пайдалуу.

Каржы пирамидасынын белгилери: кыска убакыттын ичинде өтө көп киреше алуу убадасы, башка адамдарды тартуу шарты, уюмдун документтерине кирүү мүмкүнчүлүктөрү чектелүү, катышууга күмөндүү келишимдер жана сунуштар. Схемалар көп, бирок баарынын маңызы бирдей - "акча алуу". Топторго кирүүдөн мурда, уюмдун ишмердүүлүгү, каттоосу жана лицензиялары жөнүндө бардык маалыматтарды текшерүү керек: (текшергиле: Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин сайтынан, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий сайтынан жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын сайтынан).

Мыйзамга ылайык, бардык каржы уюмдар жарандардын талабы боюнча аларды өздөрүнүн уставы, каржылык отчету менен тааныштырышы керек. Эгер сиздин талабыңыздан баш тартышса же ар кандай шылтоолор менен тааныштырууну создуктуруп жатышса, анда бул алардан этият болууга негиз болот.

Эгерде сизге жогорку киреше жана акча табуунун оңой жолдорун сунуштап жатышса, анда токтоосуз аргументтерди укпастан кетишиңиз керек - алдамчылар адатта жакшы манипулятор болушат жана адамга психологиялык жана эмоционалдык таасир көрсөтүүнү мыкты өздөштүрүшкөн. Сизди тез эле алдап, акчага козүңузду кызатышы толук мүмкүн. Сиз мунун бардыгы кезектеги "алдоо" экендигин түшүнүшүңүз кажет. Мындай мыйзамсыз иш-аракеттер Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 214-беренеси (Финансылык пирамидаларды уюштуруу) боюнча ылайык иликтенет.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Ысык-Көл жана Талас аймактарындагы каржы пирамидаларын уюштургандарды аныктап, иликтөөдө. Бишкек жана Ош шаарларында, Ош жана Жалал-Абад облустарында баш көтөрүүгө ааркет жазап жаткан каржы пирамидаларын аныктоо, чара көрүү, алдын алуу боюнча ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жарандарга каржы алдамчыларынан этият болууга чакырат, эсиңизде болсун:

Эгерде сиз же сиздин жакындарыңыз каржы пирамидасынын курмандыгы болуп калса, же сизге каршы мыйзамсыз иш аракеттер пландалып жатат деп шектенип жатсаңыз, дароо милицияга кайрылыңыз. Урматтуу жарандар. Каржылык пирамидасынын алдамчыларынын курмандыгы болуп калбаңыз! Куру кыял мас кылат! Бекер тамак капканда гана болоорун эстен чыгарбаңыз. Сактыкка кордук жок. Алдамчыларга ишенбеңиз".

Пикир

Оставить комментарий