• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Курултай: Кыргызстанда электромобиль чыгарган ишкана куруу сунушу айтылды

Курултай 0

Бишкек, 25.11.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда биринчи Элдик курултай өтүп жатат.

Иш-чаранын расмий бөлүгүнөн кийин аймактардан шайланып келген делегаттарга сөз берилди.

Талас облусунун Манас районунан делегат болуп келген Замир Көчөрбаев Кыргызстанда күйүүчү майдын кымбат болуп жаткандыгына, сырттан келген жана өлкөдөгү унаалардын эскилиги жеткенин билдирди.

"Мунун чечүүнүн бир жолу – кошуна Кытай өлкөсү электромобиль чыгаруу жагынан дүйнөдө алдыда турат. Кошунабыздан үлгү алып, мүмкүн сүйлөшүү өткөрүп, Кыргызстанда электромобилди чыгара турган ишкана курулса. Башка өлкөнүн эскилиги жеткен унааларын ташып келбей өзүбүз чыгарсак”, - дейт ал.

Белгилей кетсек, биринчи Элдик курултайга президент Садыр Жапаров, өлкөнүн бардык облустарынан жана аймактарынан 1000ден ашуун делегат, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери катышууда.

Иш-чара эки күн — 25-26-ноябрга созулат.

Пикир

Оставить комментарий