• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Курултай: Мугалимдик кесипке акысыз окутуу сунушталды

Курултай 0

Бишкек, 26.11.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда Элдик курултайдын экинчи күнү өтүп жатат.

Курултайда аймактардан шайланып келген делегаттарга сөз берилди.

Ош облусунун Алай районунан келген делегат Базарбай Тобокелиев өзүнүн сунушу менен бөлүштү.

“Мен 50 жыл мугалим болуп иштеп, анан пенсияга чыктым. Эл агартуу жагынан мындай сунушум бар эле: азыр мугалимдик кесипке окуган жаштар акы төлөө негизинде (контракт) билим алышат. Келечектеги мугалимди окутууда акы төлөөнү жоюп эле койсо болмок. Анткени алар Россия, Казакстанда жүрүп, окубай эле диплом алышууда. Анан мектепке келип, андагы билим деңгээлин аксатып жатат”, - дейт ал.

Белгилей кетсек, курултайга президент Садыр Жапаров, өлкөнүн бардык облустарынан жана аймактарынан 1000ден ашуун делегат, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери катышууда.

Иш-чара эки күн — 25-26-ноябрга созулат.

Пикир

Оставить комментарий