• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Курултайда чек арага жакын жайгашкан айыл тургундарына курал берүү сунушу айтылды

Курултай 0

Бишкек, 25.11.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда биринчи Элдик курултай өтүп жатат.

Иш-чаранын расмий бөлүгүнөн кийин аймактардан шайланып келген делегаттарга сөз берилди.

Баткен облусуна караштуу Аксай айыл өкмөтүнүн Көк-Таш айылынан келген делегат Жалил Каработоев облус тургундарына азыркы күндө үй, мектеп, бала бакча дагы керек эместигин айтып, башкысы тынчтык болсо деген пикирин билдирди.

“Балдарыбызды гана ойлоп калганбыз. Анткени 2-3 сааттын ичинде баары күйүп кеткен. Кээ бир жарандарыбыз бир сыйра кийимдери менен калган. Азыр бизге тынчтык гана керек. Чек араны тактоо иши начар кетип жатат. Россияга же башка облуска кеткендер болууда, бирок алар аз санда гана. Биз эч качан жерибизди таштап кетпейбиз. Садыр Нуркожоевич, чек арага жакын жайгашкан тургундарга курал-жарак берүүнү тездетиш керек. Тактап айтканда, уруксат кагаздарын берүүнү. Мен өзүм ала албай жүрөм, бирок үйүмдү коргошуп керек. Бир мисал, өткөн тополоңдо Көк-Таш айылын аскерлерге жардам берип, жергиликтүүлөр сактап калды. Эгерде баарыбыздын куралыбыз болсо бир дагы тажикти киргизбейбиз”, - дейт делегат.

Каработоев акыркы 9-10 жылда мал уурулук токтобой жатканын, малдын изи барып Тажикстанга кирип кеткенин айтып, милиция кызматкерлери коңшу өлкөгө кире албай жатканын белгиледи.

Белгилей кетсек, Бишкекте өтүп жаткан биринчи Элдик курултайга президент Садыр Жапаров, өлкөнүн бардык облустарынан жана аймактарынан 1000ден ашуун делегат, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери катышууда.

Иш-чара эки күн — 25-26-ноябрга созулат.

Пикир

Оставить комментарий