• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Курулуш чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди

Президент 0

Бишкек, 23.05.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков «Курулуш чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2019-жылдын 18-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Ушул Мыйзамдын негизги максаты (концепциясы) өнөр жай объекттерин куруу чөйрөсүндөгү көйгөйлүү маселелерди чечүү болуп саналат. Өнөр жай объекттерин куруу курулуштардын жана ишке киргизүүчү комплекстердин кезектүүлүгүн эске алуу менен, долбоорлоо жана куруу процесстерин айкалыштыруу жолу менен курулуш долбоорлорунун негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тартипте жүргүзүлөт. Ал убакытты кыскартат жана өнөр жай объектисин убагынан мурда ишке киргизүү мүмкүнчүлүгүн берет.

Мындан тышкары «Кыргыз Республикасындагы лицензиялык -уруксат берүү тутуму жөнүндө» Мыйзамдын 2-беренесине ылайык лицензиялар менен уруксат берүүнүн тизмеси белгиленген, анын ичинде «курулушка уруксат берүү» каралган эмес. Ошондуктан бул Мыйзам менен курулушка уруксат берүү боюнча жоболорду алып салуу каралган.

Аталган концепцияны ишке ашыруу үчүн «Шаар куруу жана архитектура жөнүндө», «Кыргыз Республикасында жекече турак-жай курулушу жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын негиздери жөнүндө», «Борбордун статусу жөнүндө», «Ош шаарынын статусу жөнүндө» мыйзамдарына тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилди.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий