• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Курулуш үчүн документтерди берүү тартиби тууралуу жободо кандай өзгөртүүлөр болду?

Коом 0

Бишкек, 23.01.20. /Кабар/. Жакында эле КР өкмөтү Кыргыз Республикасынын курулуш тармагын өнүктүрүүнүн 2030-жылга чейинки стратегиясы, аны менен катар курулуш үчүн документтерди берүү тартиби тууралуу жобонун жаңы редакциясы бекитилген.

"Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Мамлекеттик экспертиза департаментинин директору Сүйүнбай Арабеков курулуш үчүн уруксат берүүчү документтерди берүү тартиби тууралуу жобонун жаңы редакциясы тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, мурунку жобо 2008-жылы бекитилген. Жаңы жобого ылайык документтерди долбоорлоого даярдоодо ыйгарым укуктуу органдар менен ашыкча макулдашуу процедуралары алып салынды. Ал белгилегендей, бул нерсе курулуштун сапатына таасир этпейт.

"Жаңы жобо 2020-жылдын 17-январында бекитилди. Биринчиден анда, мөөнөттөрдү кыскартуу каралган. Мурда архитектуралык-пландык шарттар боюнча уруксат кагаздары алынчу. Азыр экология, санэпидемстанция, өрт кызматтарынан макулдук алынбайт. Эми башкы пландын негизинде башкы архитектор кайсы объект кайсы жерде жайгашарын өзү чечет. Архитектуралык-пландык шарттар алынгандан кийин буйрутмачылар курулушка даярдык иштерин баштай берсе болот – курулуш жеринин тегерегин тосуп, ошол жерде турган объекттерди бузуп, инженердик коммуникацияларды башка жерге которуп, эгер ал жерде бак-дарактар болсо аларды да которууга уруксат берилет ж.б.", - деди ал.

Ал белгилегендей, андан тышкары мындан мурда өрт, экологиялык экспертизаларын ар кайсы мекемеде жасалып келсе, эми алар бир жерден жасалып, комплекстүү түрдө экспертиза өткөрүлөт. Ал да 180 күндөн 30 күнгө кыскарып жатат.

"Экинчиден, санариптештирүүгө бардык мекемелер өтүп жатат. Бул жободо да жазылгандай, долбордук документтерди электрондук түрдө биздин портал аркылуу тапшырса болот. Ошондой эле курулуш үчүн уруксат алуу процедурасы алынып салды. Эски редакция боюнча, экспертизадан кийин буйрутмачы архитектура органдарына кайрылып, курулуш үчүн өзүнчө уруксат алчу. Аны алмайынча буйрутмачылар курулушту баштай алчу эмес. Ал он күн ичинде берилчү. Учурда экспертизанын оң корутундусун алгандан кийин буйрутмачы курулуш иштерин баштай берсе болот", - деди ал.

Ошондой эле Токтосунов билдиргендей, мамлекеттик экспертизадан башка дагы жеке менчик, башкача айтканда мамлекеттик эмес экспертиза уюмдарынын иштеши боюнча норма киргизилүүдө. Буйрутмачы экспертизадан өткөрүү үчүн мамлекеттик же мамлекеттик эмес мекемеге кайрыла алат.

Пикир

Оставить комментарий