• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Курулушу жүрүп жаткан көп кабаттуу үйдөн чыккан өрт чектөөгө алынды. Сүрөт

Кырсык 0

Бишкек, 20.07.20. /Кабар/. Бишкектеги Ак-Өргө конушундагы жаңыдан курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн чатырынан чыккан өрт саат 15:43тө чектөөгө алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, учурда өрттү толук өчүрүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Өрттү өчүрүүгө жалпы төрт бөлүм тартылган.

Белгилей кетсек, бүгүн болжол менен саат 13:53тө ӨКМге Ак-Өргө конушундагы жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн чатыры өрттөнүп жаткандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.

Пикир

Оставить комментарий