• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Куржунда 6 лицензия жана 9 медаль. Алматыда өткөн квалификациялык мелдештин көз ирмемдери

Спорт 0

Бишкек, 13.04.21. /Кабар/. Казакстандын Алматы шаарында 9-11-апрелде Олимпиада оюндарына лицензия бере турган Азия квалификациялык мелдеш өттү. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Күрөш боюнча Кыргызстандын курама командасынын мүчөлөрү XXXII Олимпиада оюндарына 6 жолдомо жана 9 медаль жеңди.

Грек-рим күрөшү боюнча:

1-орун – Жоламан Шаршенбеков (60 кг);
1-орун – Акжол Махмудов (77 кг);
2-орун – Үзүр Жузупбеков (97 кг);

Кыз-келиндер арасында күрөш боюнча:

1-орун – Айпери Медет кызы (76 кг);
2-орун – Мээрим Жуманазарова (68 кг).

Эркин күрөш боюнча:

1-орун – Эрназар Акматалиев (65 кг);
3-орун – Бекболот Мырзаназар уулу (57 кг);
3-орун – Эламан Догдурбек уулу (74 кг);
3-орун – Айаал Лазарев (125 кг).

Белгилей кетсек, аталган мелдештин финалына чыккандыгы үчүн грек-рим күрөшү боюнча Жоламан Шаршенбеков (60 кг), Акжол Махмудов (77 кг) жана Үзүр Жусупбеков (97 кг), эркин күрөш боюнча Эрназар Акматалиев (65 кг), кыз-келиндер күрөшү боюнча Айпери Медет кызы (78 кг) жана Мээрим Жуманазарова (68 кг) 2021-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндарына жолдомо утуп алган.

Эскерте кетсек, буга чейин Олимпиада оюндарына Атабек Азисбеков (грек-рим күрөшү), Айсулуу Тыныбекова (кыз-келиндер күрөшү), Дарья Маслова, Юлия Андреева жана Мария Коробицкая (жеңил атлетика), Денис Петрашов (сууда сүзүү) лицензия алган.

Пикир

Оставить комментарий