• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кусейин Карасаевдин 120 жылдыгына арналган иш-чара жыйынтыкталды

Маданият 0

Бишкек, 26.02.21. /Кабар/. Кусейин Карасаевдин 120 жылдыгына арналган маданий иш-чара жыйынтыкталды. Бул тууралуу КР президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кыргыз элинин алгачкы агартуучуларынын бири, педагог, котормочу, публицист, туңгуч лексикограф жана лексиколог Кусеин Карасаевдин 120 жылдыгына карата КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия 2020-жылдын 21-декабрында бир айлык акция жарыялаган. Көптөгөн кайрылуулардан улам, акциянын мөөнөтү 21-февралга чейин узартылган. Сабаттуулукка багытталган акциянын катышуучулары онлайн жана офлайн түрүндө ар кандай багыттагы илимий, интеллектуалдык, маданий жана башка иш-чараларды өткөрүп, таанытуучу, маалымат берүүчү эмгектерди жасап жана аткарылган иштер социалдык тармактар аркылуу кеңири жайылтылып жатты. Белгилей кетчү жагдай, эки айлык акцияга өлкөнүн бардык аймагынан катышты.

Жобого ылайык, катышуучулар атайын даярдалган билдирменин бланкын толтуруп, жыйынтыгында республика боюнча 1000ге чукул акцияга катышуу билдирмеси келип түшкөн. Ал эми ар бир билдирмеде 3төн кем эмес эмгек тууралуу маалымат камтылган. Демек, жалпы 5000ге чукул ар кандай иштер аткарылган. Атайын комиссия эмгектерди кылдат карап чыгып, жигердүү катышкан жана өзгөчө эмгек жасагандарды аныктады.

Акцияны жыйынтыктоо иш-чарасы 25-февралда А.Осмонов атындагы Улуттук китепканада "Кылымга тете из калтырган залкар" аталышындагы көргөзмөнү ачуу менен башталды. Залкар илимпоздун кызы Алтынай Карасаева иш-чарага кадырлуу мейман катары катышты. Иш-чарада К.Карасаевдин калтырган баа жеткис мурасы тууралуу кеңири сөз болуп, соңунда жигердүү катышуучуларга жана өзгөчө эмгек жасагандарга сыйлыктар тапшырылды.

Эске сала кетсек, Улуттук комиссия тарабынан К.Карасаев тууралуу ар тараптуу маалыматтар жана залкар тилчинин “Накыл сөздөр”, “Өздөштүрүлгөн сөздөр” жана башка китептеринен үзүндүлөр mamtil.kg сайтына жана Улуттук комиссиянын Фейсбук баракчасына байма-бай жайгаштырылып турду.

Сабаттуулук учурдун талабы экендигин эске алуу менен, Улуттук комиссия семинар-тренинг, видеосабак сыяктуу сабаттуулукка байланышкан иш-чараларды уланта бермекчи.

Пикир

Оставить комментарий