• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кустурица, Михалков... Айтматовдун Ысык-Көл форумуна дагы кимдер катышат?

Коом 0

Бишкек, 04.10.18. /Кабар/. Үчүнчү эл аралык “Чыңгыз Айтматов жана заманбап дүйнөнүн чакырыктары” Ысык-Көл форуму дүйнөнүн 160 өлкөсүнөн 160 залкар инсанды чогултат.

Кыргыз берметинин жээгинде өтө турган дүйнөлүк деңгээлдеги масштабдуу иш-чаранын уюштуруучулары бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында анын программасы тууралуу айтып беришти.

“Форумга белгилүү адабиятчылар, саясатчылар, футурологдор, киносынчылар, сүрөтчүлөр, окумуштуулар жана түрдүү тармактын изилдөөчүлөрү катышат. Алар Айтматов чыгармаларында айткан көйгөйлөрдү кайра көтөрүп чыгышат. Бул биз үчүн өтө маанилүү, себеби алардын ар биринин айта турчу сөзү бар”, - деди Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маданият, искусство жана кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Дамира Алышбаева.

Анын айтымында, 6-октябрдан 7-октябрга чейин өтө турган эки күндүк форум үч сессиядан турат. Анда гуманизм, заманбап экология, элдердин улуттук жана маданий иденттүүлүгүн сактоо маселелери козголот.

“Залкар жазуучубуздун мааракесинин урматына Кыргызстанда эле эмес, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдө маданий иш-чаралардын өтүшү, көчөлөргө анын ысымынын ыйгарылышы, эстеликтердин жана гүл бакчалардын ачылып жатканы жагымдуу”, - деп кошумчалады Алышбаева.

Мындан тышкары ал дүйнөлүк коомчулуктун Айтматовдун чыгармачылыгына урматтоо менен мамиле кылуусу кыргыз элине болгон урмат-сыйды билдирет деп баса белгиледи. Себеби чет өлкөлүктөр үчүн жазуучунун аты анын мекени менен синонимдүү болуп эсептелет.

“Айтматов дүйнөлүк коомчулук тарабынан Кыргызстандын синоними катары кабыл алынары анык. Ал эми жазуучунун 90 жылдыгына карата форумду өткөрүү анын чыгармаларын сүйгөн адамдар үчүн өзгөчө маанилүү окуя болуп эсептелет”, - деди адабият таануучу жана коомдук ишмер Осмонакун Ибраимов.

Ал билдиргендей, форумда Айтматов калеми аркылуу көтөрүп чыккан көйгөйлөрдү чечүүнүн жаңы идеялары айтылат. Профессор жана адабият таануучунун айтымында алардын арасында биринчи кезекте экологиялык кырсык, терроризм жана гумандуулук көйгөйлөрү турушу керек.

Алсак, күтүлүп жаткан коноктордун арасында Ибраимовдун айтымына караганда, дүйнөгө белгилүү режиссер Эмир Кустурица, Никита Михалков жана адабий, саясий, илимий чөйрөдөгү көрүнүктүү инсандар бар.

Коомдук ишмер, филология илимдеринин доктору Жумагул Сааданбековдун айтымында, Айтматовдун ысымы ар дайым чыгаан дүйнөлүк интеллектуалдардын көңүлүн жана кызыгуусун өзүнө буруп турган. Ошондуктан да Ысык-Көл форуму ар дайым чоң актуалдуулукка ээ болгон.

Пикир

Оставить комментарий