• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Куткаруучулар 16 күндөн бери Сары-Жазда жоголгон күзөтчүнү издөөдө

Кырсык 0

Бишкек, 27-июль /Кабар/. Куткаруучулар Ак-Суу районундагы Сары-Жаз дарыясына агып кеткен күзөтчүнү 16 күндөн бери издеп жатышат. ӨКМдин маалыматы боюнча 11-июлда Сары-Жаз дарыясына “Нива” үлгүсүндөгү унаа агып кеткен. Анын ичинде 1983-жылы туулган айдоочусу болгон.

Окуя болжолу менен түнкү 00:30 чамасында Эңилчек-Эчкилүүташ унаа жолунда болгон. Аны издөө иштери бүгүн улантылат.

Мурдараак күзөтчүнүн атасы Кубан Мамбетов “Кабар” маалымат агенттигине уулу Таалай кайтаруу агенттиктерде иштээрин, “Алмаз Тоо кендери” кытай компаниясынын Сары-Жаздагы обьектилерин кайтараарын айткан.

Анын айтымында, 10-июлда болжолу менен саат 23:30 чамасында үй бүлөсү менен чатырда жашаган Таалайга «Сардоникс» кытай компаниясынын төрт кызматкери жол көрсөтүп коюусун өтүнүп жардам сурап кайрылышкан.

Жубайынын айтымында, Таалай алгач унаасында май жок экенин айтып, жол көрсөтүүдөн баш тарткан. Бирок алар унаага май куюп аны айдатып кетишкен. Ошондон бери Таалай үйүнө кайтып келген эмес.

Пикир

Оставить комментарий