• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Куткаруучулар Ала-Арча суусунан аял кишинин сөөгүн алып чыгышты

Кырсык 0

Бишкек, 06.06.20. /Кабар/. Куткаруучулар Ала-Арча суусунан аял кишинин жансыз денесин алып чыгышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 6-июнь күнү саат 14:00 чамасында Чүй облусунун Аламүдүн районунун Кашка-Суу айылындагы Ала-Арча жаратылыш паркында Ала-Арча суусуна аял киши түшүп кеткендиги тууралуу ӨКМдин 112 кызматына маалымат түшкөн.

Жерине издөө иштерине ӨКМдин Чүй облустук башкармалыгынын Аламүдүн райондук бөлүмү тарабынан 4 куткаруучу тартылган. Алар саат 15:30дар чамасында Ала-Арча суусунан каза болгон аял кишинин жансыз денесин алып чыгып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Пикир

Оставить комментарий