• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Куткаруучулар Аламүдүн суусуна түшүп кеткен 26 жаштагы кызды издөөдө

Кырсык 0

Бишкек, 16.08.20. /Кабар/. Куткаруучулар Аламүдүн суусуна түшүп кеткен 26 жаштагы кызды издөөдө. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кырсык күн мурун, 15-август күнү болгон. Бүгүн саат 07:00дө издөө иштерин улантуу максатында жалпы 21 куткаруучу тартылган.

Ошондой эле куткаруучулар 7-август күнү Нарын облусуна караштуу Кочкор районундагы Чу дарыясына түшүп кеткен 7 жаштагы баланы издөө иштерин улантууда. Жалпы издөө иштерине 23 куткаруучу жана жергиликтүү тургундар тартылган.

Андан тышкары, 10-август күнү Чоң Чүй каналына түшүп кеткен 5 жаштагы баланы издөө иштери улантууда. Учурда 20 куткаруучу кичинекей баланы издөө иштерине тартылган.

Пикир

Оставить комментарий