• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Куткаруучулар Бишкекте сууга түшүү эрежелери боюнча инструктаж өткөрүшөт

Коом 0

Бишкек, 05.07.18 /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары Бишкектеги Пионерское жана Комсомольское көлдөрүндө сууга коопсуз түшүү эрежелери боюнча инструктаж өткөрүшөт.

Куткаруучулар сууга түшүүдөгү башкы каталарды, профессионалдуу куткаруучулар келгенге чейинки медициналык жардам көрсөтүүнүн негизги эрежелери тууралуу айтып беришет.

Буга чейин Ички иштер министрлиги чоңдордун мас абалында сууга түшүүсү жана балдардын сүзгөндү билбегени суудагы өлүмдөрдүн негизги себептери болуп эсептелерин билдирген.

Пикир

Оставить комментарий