• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Куткаруучулар Бишкекте жана Аламүдүндө сууга чөгүп кеткен адамдарды издөөдө

Кырсык 0

Бишкек, 15.07.21. /Кабар/. Куткаруучулар Бишкекте жана Аламүдүндө сууга чөгүп кеткен адамдарды издөөдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 13-июль күнү саат 23:30 чамасында Бишкек шаарынын Ленин районундагы Кочкор көчөсүндө болжол менен 40-45 жаштагы эркек киши (аты-жөнү такталууда) Ала-Арча суусуна агып кеткен. Жерине 4 куткаруучу тартылып, кеч киргендигине байланыштуу издөө иштери убактылуу токтотулган. 15-июль күнү издөө иштери улантылат.

Ошондой эле 13-июль күнү Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Лебединовка айылында Чоң Чүй каналына 2016-жылы туулган бала чөгүп кеткен. 14-июль күнү жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн саат 07:32де 4 куткаруучу тартылды. Натыйжа болгон жок. Издөө иштери15-июль күнү улантылат.

Пикир

Оставить комментарий